Биз менен байланышыңыз

Порошенко Орусия кантип Украинага каршы согушка даярданып жатканын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 629 | 0

Украина президенти Петр Порошенко Украина Куралдуу күчтөрүнүн башчылары менен ыкчам-стратегиялык жыйындын ачылышында аталган өлкөгө каршы “орустардын даярдык этаптарын” белгилеп өттү. Аны түз эфир аркылуу “112 Украина” каналы чагылдырганын газета.ру.сайты билдирди.

Украина өлкө башчысынын сөзүнө ылайык, Орусия тараптан келүүчү аскердик коркунуч “чындык” болуп саналат.

“Алардын аскердик даярдыгы Украина чек арасынан алыс эмес жерлерде, айрыкча, Смолен, Воронеж, Белгород, Ростов жана Крым аймактарында өтүүдө”,- деп билдирди Украина президенти.

Донбасс аймактарында да аскердик корпустарын жайгаштырганын кошумчалады. Мындан сырткары, Крым менен Кара деңизге да аскерлерин алып келери күтүлүп жатканын билдирди Порошенко.

Буга чейин да Петр Поршенко Орусия менен “толук масштабдуу согуш” болорун билдирген болчу.

Ал эми жогоруда айтылгандар боюнча бүгүн Орусиянын Мамлекеттик Думасында талкууланды.

Порошенко өз өлкөсүнүн коргоочусу катары көрүгүсү келет. Бирок, анын билдиргендери чындыкка дал келбейт. Эч ким эч кимге чабуул кылайын деген ою жок. Ал азыр шайлоо алдында элдин назарын буруу максатында өзүн камкор башчы кылып көрсөтүүдө”,- деп түшүндүрдү Орусиянын мамлекеттик жана аскердик ишкери Швыткин.

Copyright © 2017 Maral FM