Биз менен байланышыңыз

Акыркы 10 жылда 3 миң кыргызстандык Түштүк Кореяга иштегени барган

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 152 | 0

2008-2018-жылдар аралыгында Кыргызстандан Түштүк Кореяга иштегени 3 миң 31 жаран барган. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Бактияр Төлөнөв билдирди.

Анын айтымында, 2007-жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Ошол убактан бери 12 жолу корей тилин билүү деңгээлин текшерүү боюнча тест өткөрүлгөн. Тестке жалпысынан 15 миң 44 адам катышкан.

2018-жылы Түштүк Кореядагы мигранттар Кыргызстандагы туугандарына 2,6 млрд доллар которушкан.

Эске салсак, Корей тили боюнча тест бир жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Кыргызстандан барган жарандарды негизинен өндүрүш тармагына ишке орноштурушат. Эң аз айлык акы 1,2 миң долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM