Марал Радиосу

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Текебаевдин ишин карайт

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо боюнча юристтердин кайрылуусун каттады. Ага атайын номур берилип, иш карала турган болду. Бул тууралуу “Адилет” укуктук клиникасынан кабарлашты.

Текебаевдин ишин “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери карап жатат. Алар буга чейин Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо тууралуу Жогорку Сотко кайрылышкан.

Саясатчыга карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.