Марал Радиосу

Бишкек мэри үч орун басарын дайындады

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов үч орун басарын дайындап, Максим Ситниковду отставкага кетирди. Тийиштүү документке 25-февралда кол коюлду.

Ситников вице-мэрлик кызматында жарым жылдан ашык убакыт иштеди. Ага Октябрь райондук администрациясынан башка кызмат сунушталды.

Эске салсак, 15-февралда Асел Куламбаева иштен алынган. Ошондой эле дагы бир вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев Бишкек суу канал ишканасынын жетекчилигине дайынлдалды.