Марал Радиосу

Бишкекте ШКУ чөлкөмүндө жаштар форуму башталды

Бүгүн, 26-февралда Бишкекте ШКУ чөлкөмүндө туризм индустриясын өнүктүрүүгө арналган жаштар форуму башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Форумга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Спорт генттигинин директору Канат Аманкулов, ШКУнун Жаштар кеңешинин төрагасы Таалайбек Дайырбеков катышат.

Ошондой эле Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Беларусь, Азербайжандан эксперттер, делегаттары, ишкерлер келген.

Форумда туризмди өнүктүрүү, ШКУ мамлекеттеринде жаштардын ишин тездетүүгө стимул болгон шарттарды жакшыртуу маселелери талкууланат.  Эл аралык жаштар форуму 28-февралда жыйынтыкталат.