Марал Радиосу

Бишкекте төрт эм төрөлдү

Бишкек шаардык №4чү төрөт үйүндө төрт эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн эрте менен 28 жаштагы  келин кесерево жолу үч кыз, бир эркек төрөгөн. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызынын салмагы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм болуп төрөлгөн.

“Балдар мөөнөтүнөн эрте төрөлгөндүктөн балдардын абалын оор деп айтыш керек жана комплекстүү дарылоо жүргүзүлүп жатат”,- деп билдирди  Саламаттыкты сактоо министрлиги.