Марал Радиосу

Мамашова: Атамдын саясаттан көңүлү калды

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова “Марал” радиосуна берген маегинде атасы Турусбек Мамашовдун саясаттан көңүлү калганын билдирди.

«Атамдын саясаттан көңүлү калды. Анткени ал дагы аракетинин үзүрүн көрүүгө көнүп калган. Атам көп аракет кылып жүргөндө Туризм агенттигин жоюп салышканда абдан нааразы болду. Агенттикти жоюп салса кимдин көнүлү калбайт? Атамдын чоң максаты ишке ашпай калды. Туризм өнүгүп жатат, бирок өзү менен өзү кетип баратат», — дейт Мамашова.

Белгилей кетсек, Турусбек Мамашов 2007-жылдары Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган.