Марал Радиосу

Алтынчы кабаттан секирген кыз палатага которулду

Бишкек шаарындагы Туңгуч районунун алтынчы кабатынан секирген кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн катардагы палатага которулду. Жаракат алган кыз бүгүн, 25-февралда дагы бир жолу текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Маралга Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетели, 20-февралда Бишкектин Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан өспүрүм кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып боюн таштаган. Аны милиция кызматкерлери килем менен тосуп, аман алып калышкан. Кыз куткаруучулардын жана ылдый жактагы адамдардын суранычына карабастан секирген.