Марал Радиосу

Сооронкулова: Тартип комиссиясында кадрдык туруктуулук жок

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова “Марал” радиосуна берген маегинде Тартип комиссиясы башынан туура эмес түзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, Тартип комиссиясында бир түрдүүлүк жок. Алсак, бир берене боюнча бирөөнө сөгүш жарыяланса, башкасы эскертүү алат.

«Тартип комиссиясы билгенин кылып, иштерди жаап коюшууда. Эң көп арыз аталган мекеменен төрайымы Кымбат Архаровага түшөт. Арыздардын бирөө дагы сот өндүрүшүнө кабыл алынган эмес. Тартип комиссиясында кадрдык туруктуулук жок», — дейт Сооронкулова.