Марал Радиосу

Онлайн аукцион өткөрүүдөн бюджетке 14 млн сом түштү

SONY DSC

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылы 14 жолу онлайн аукцион өткөрүп, анын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 14 млн 235 миң 61 сом түшкөн. Бул тууралуу мекеменин төрага орун басары Эшмамбет Аматов коллегиялык жыйында билдирди.

Комитет былтыр аткарган иштери жана быйыл жасала турчу иштери боюнча маалымат берди. 2018-жылы жалпысынан 20 миң чакырымдагы байланыш оптикалык волокондук линия орнотулган.

Тоолуу рельефке байланыштуу айрым аймактарда зымсыз технология колдонулду.