Марал Радиосу

Москвада Борис Немцовду эскерген акция өттү

Москвада жана Санкт-Петербург, Саратов, Ярославль, Ульяновск жана Орусиянын башка шаарларында оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү акциялары өттү. Ага 10миң 800дөй адам катышты. Москва полициясынын маалыматы боюнча 6 миңдей катышуучу болду.

Немцовду эскерген акциялар акыркы жылдары ар кандай темада өз позициясын билдирүү үчүн байма-бай өткөрүлүүдө. Катышуучулар быйыл саясий туткундарды колдогон баннерлер, Москва мэри Собяниннге каршы плакаттарды көтөрүп чыгышты. Жүрүштөн кийин катышуучулардын бир бөлүгү Немцов өлтүрүлгөн жерге барып гүл коюшту.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде киши колдуу болуп өлгөн.