Марал Радиосу

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 4 вьетнамдык кармалды

Миграция кызматы Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдүн ишин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу Миграциядан кабарлашканын басылмалар жазып чыгышты.

Анда бир катар ишканалар текшерүүгө алынган. Жумушчу топ “ДНК-Элит” ЖЧКсында вьетнамдык жарандардын миграция жана эмгек мыйзамдарын сактабай иштеп жаткандыгы аныкталган.

Тагыраагы, 4 жарандын өлкө аймагында болушу да мыйзамсыз деп табылып, Эмгек кодексинин да сакталбагандыгы белгиленген.

Ал боюнча акт түзүлүп, кароо үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.