Кытай элдик банкынын маалыматы боюнча Кытай акыркы айда расмий алтын резервдерин көбөйтүүдө. Бул тууралуу Синьхуа орус кызматы жазып чыкты.
Кытайдын алтын запасы 2018 жылдын декабрь айында 59,56 млн унцийден 2019-жылдын январь айынын аягында 59,94 млн унцийге чейин көбөйгөн.
Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңешинин маалыматы боюнча өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча алтынга болгон талап 4 пайызга өскөн, башкача айтканда жыл ичинде 4345,1 тоннага.
Борбордук банк тарабынан сатылып алынган алтындын көлөмү 1971-жылдан бери анын жогорку чегине жетип келет.
2018-жылы дүйнө жүзү боюнча борбордук банктардын резервинде болгон алтындар 651,5 тоннага же 74 пайызга өскөн.