Марал Радиосу

Кытай алтын резервдерин көбөйтүүдө

Кытай элдик банкынын маалыматы боюнча Кытай акыркы айда расмий алтын резервдерин көбөйтүүдө. Бул тууралуу Синьхуа орус кызматы жазып чыкты.

Кытайдын алтын запасы 2018 жылдын декабрь айында 59,56 млн унцийден 2019-жылдын январь айынын аягында 59,94 млн унцийге чейин көбөйгөн.

Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңешинин  маалыматы боюнча өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча алтынга болгон талап 4 пайызга өскөн, башкача айтканда жыл ичинде 4345,1 тоннага.

Борбордук банк тарабынан сатылып алынган алтындын көлөмү 1971-жылдан бери анын жогорку чегине жетип келет.

2018-жылы дүйнө жүзү боюнча борбордук банктардын резервинде болгон алтындар 651,5 тоннага же 74 пайызга өскөн.