Марал Радиосу

Орок айылында эки улуттун ортосунда жаңжал чыккандыгы кабарланды

Бүгүн, 22-февралда Сокулук районунун Орок айылында кыргыз жана түрк улутундагы жарандардын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу «Марал» радиосуна күч органдарындагы жеке булактары билдирди.

Маалыматка ылайык, түрк балдары эки кыргыз баланы себепсиз эле сабашкан. Мындан улам сабалган эки бала кыргыздарды топтоп, мушташууга даярданып жаткан. Аталган айылда учурда абал тынч.

Жаңжалдын алдын алуу үчүн Сокулук РИИБнин кызматкерлери окуя болгон жерге барышты. Учурда жаңжалды болтурбоо үчүн профилактикалык иштер жүргүзүлүп, аймакта тескөө иштери жүрүп жатат.