Биз менен байланышыңыз

Түркия: Кыргызстандагы «Маариф» мектебинде чуу чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 3320 | 3

Кыргызстандагы Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу «Манас» университетинин алдындагы «Анадолу» мектебинин директору Өмер Айдын окуучуларга тийишкени тууралуу чуулуу кабар түркиялык басылмаларда жарыяланды.

Анда президент Режеп Тайип Эрдоган көз карандысыз «Сапат» мектептеринин ордуна сунуштап жаткан мамлекеттик «Маариф» фондунун карамагындагы мектептин директору Өмер Айдындын уятсыз кылыктары жарыяланган.

Басылмалар аталган директордун Түркияга качып келгенин, ал үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз коомчулугунан кечирим сурап, кайрылганын жазышкан. Ошондой эле айыпталган директор мектептин сайтынан дароо чыгарылып, ордуна башка жетекчи дайындалганы маалымдалды.

Окуя түркиялык социалдык желе колдонуучуларынын кызуу талкуусуна түшүп, кыжырданууларды жараткан.

Ошондой эле бул үчүн түрк бийлиги директорду коргоп чыгаарын жазгандар да көп. Анткени аптанын башында укугу тебеленген жарандарды коргоп чыккан студент кызга уятсыз мамиле кылып, эл көзүнчө тийишкен полиция кызматкерин өкмөт коргоп, Ички иштер министри Сулейман Сойлу: «Атасы гүленчи болгон кыз үчүн кызматкериме сөз тийгизбейм»,-деген. Ал эми Эрдогандын партиялаштары: «Шашылышта карпам коюптур да билбей»,-деп актап чыгышкан болчу.

Türk müdürün 9 yaşındaki çocuğa tacizi Kırgızistan Meclisi’nde

Türk müdürün çocuk tacizi iddiasını Bişkek Büyükelçiliği doğruladı

3 пикир

3 пикир

  1. Гулжан

    23.02.2019 00:19

    Марифтин мектеби ушундай болот.

  2. Бактыгул

    23.02.2019 00:57

    Мына Марифтин асыл жузу чыкты. Кыргыз элинде Маариф келсин деп жаткандарга ачык айкын жооп. Акылы болгондор тушунуп алсын.20жылдан ашык иштеп жаткан Сапатка жетууго коп бар, илим, билим жаатында эле эмес эн негизгиси адеп-ахлак, моралдык тараптан да артта калганын корсотуп турат.

  3. Наргиза

    26.02.2019 21:20

    27 жылдан бери озунун ишмердуулугун жургузуп келе жаткан Сапат мекемеси жалан гана мыкты билими жана тарбиясы менен аты чыккан. Маариф фондуна таандык мектеп заматта озунун жузун корсотту.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM