Марал Радиосу

Түркия: Кыргызстандагы «Маариф» мектебинде чуу чыкты

Кыргызстандагы Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу «Манас» университетинин алдындагы «Анадолу» мектебинин директору Өмер Айдын окуучуларга тийишкени тууралуу чуулуу кабар түркиялык басылмаларда жарыяланды.

Анда президент Режеп Тайип Эрдоган көз карандысыз «Сапат» мектептеринин ордуна сунуштап жаткан мамлекеттик «Маариф» фондунун карамагындагы мектептин директору Өмер Айдындын уятсыз кылыктары жарыяланган.

Басылмалар аталган директордун Түркияга качып келгенин, ал үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз коомчулугунан кечирим сурап, кайрылганын жазышкан. Ошондой эле айыпталган директор мектептин сайтынан дароо чыгарылып, ордуна башка жетекчи дайындалганы маалымдалды.

Окуя түркиялык социалдык желе колдонуучуларынын кызуу талкуусуна түшүп, кыжырданууларды жараткан.

Ошондой эле бул үчүн түрк бийлиги директорду коргоп чыгаарын жазгандар да көп. Анткени аптанын башында укугу тебеленген жарандарды коргоп чыккан студент кызга уятсыз мамиле кылып, эл көзүнчө тийишкен полиция кызматкерин өкмөт коргоп, Ички иштер министри Сулейман Сойлу: «Атасы гүленчи болгон кыз үчүн кызматкериме сөз тийгизбейм»,-деген. Ал эми Эрдогандын партиялаштары: «Шашылышта карпам коюптур да билбей»,-деп актап чыгышкан болчу.

Türk müdürün 9 yaşındaki çocuğa tacizi Kırgızistan Meclisi’nde

Türk müdürün çocuk tacizi iddiasını Bişkek Büyükelçiliği doğruladı