Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: КСДПнын тизмесинде биринчи болуп Атамбаев барат

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 1040 | 0

2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоого КСДП партиясынын тизмесинде биринчи болуп Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев барат. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова КСДПнын мүчөлөрү тарабынан өткөрүлгөн бүгүнкү басма сөз жыйынында билдирди.

Эске салсак, бүгүн КСДПнын мүчөлөрү партиядагы өзгөрүүлөр боюнча атайын брифинг уюштурулуп, маалымат берген. Ага мурдагы президент, партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев,  партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жана башка партия мүчөлөрү да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM