Марал Радиосу

Түрк мектебиндеги кырдаал боюнча арыз Башкы прокуратурага өттү

Бишкектеги түрк мектебиндеги окуя боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз келип түшкөн. Бул боюнча УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, фактыны териштирүү максатында доо-арыздар Башкы Прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Кошумчалай кетсек, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Манас” университетинин аймагында жайгашкан мектептеги кырдаал боюнча жалпы жыйында айткан. Анда окуу жайдын лицензия жок экенин, ал жердин мүдүрү Амир Айдын балдарга ыдык көрсөткөнүн да белгилеген болчу.