Марал Радиосу

Айдарбеков Кытайдын Коммерция министри менен жолукту

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын Коммерция министри Чжун Шань менен 20-февралда жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелерин соода-экономикалык тармакта өнүктүрүү, Кыргызтандын экономикасына инвестиция тартуу, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Кытайга экспорттоо жана башка эки тараптуу долбоорлор боюнча сүйлөшүлдү.

Кытайдын Коммерция министри кыргыз-кытай достук, кызматташтык мамилелерин мындан ары бекемдөөгө даяр экендигин белгиледи.