Марал Радиосу

Нурида Байзакова Сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды

Нурида Байзакова Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Байзакова Нурида Асановна Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды.