Биз менен байланышыңыз

Парламентте картошка маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 512 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Казакстанга Кыргызстандын картошкасын адып кирүүгө тыюу салганы боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Аалы Карашев, карантин киргизилерден мурун алдын ала эскертүү берилиши керек деген оюн айтты.

«Биз Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Карантин киргизилерден мурун алдын ала маалымат айтылышы керек эле. Дыйкандар кыйналып жатат. Ысык-Көлдө да картошканын баасы түшүп кетти. Эмне себептен мындайга жол берилип жатат? Жакында казак делегациясы келип кеткенден кийин карантин киргизилди. Мунун үстүндө иштеп, элге алдын ала маалымат берилиши керек«, — деди Карашев.

Эске салсак, Казакстан Кыргызстандын картошкасын өлкөгө киргизүүгө убактылуу тыюу салганын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев «Маралга» тастыктады. Кыргызстандан картошкадан тышкары, алма жана курма, ошондой эле Өзбекстандан анар алып кирүүгө тыюу салынды. Бул жемиштерде комстока куртунун табылганы жүйө келтирилген. Ал эми картошкада алтын түстүү нематода курту көп кездешип жатканы айтылды.

2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айында Казакстанга Кыргызстандан барган продукцияны кароодо 465 жолу фитосанитардык талаптарды бузуу катталган, анын ичинен 59 жолу курттаган продукция аныкталган.

Казак тарап өлкөгө кирген мөмө-жемиштердин абалы талапка жооп бербесе коңшу өлкөлөргө чараны күчөтөрүн эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM