Марал Радиосу

Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү көк бөрү ойношот

Бишкекте Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн катышуусунда көк бөрү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Ага ылайык, мелдеш 23-февралда Ак-Кула ат майданында Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлөт. Көк бөрү ойноочулардын катарында агенттиктин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да болот.

Оюн Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин демилгеси менен уюштурулууда.

Беттештер 23-февраль күнү саат 10:00дө башталат, кирүү акысыз.

Exit mobile version