Марал Радиосу

Бангладеште ири өрт 69 кишинин өмүрүн алды

Бангладештин борбору Дакка шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн 69 киши набыт болду.

Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги өлкөнүн өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына таянып жазды.

«Биз учурда 69 денени алып чыктык. Мындан дагы көп курмандык болушу мүмкүн»,-дейт кызматтын маалыматында.

Өрт батирлердин биринде колдонулган газ балондун жарылуусунан чыкканы божомолдонууда.

Кошумчаласак, 20-февраль күнү өрт чыккан үйдүн жертөлөсү химиялык кампа катары да колдонулганы маалым болду.