Марал Радиосу

Абибилла ажы Кадырбердиев Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Кечээ, 19-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйынында Аалымдар Кеңешинин  төрагасы болуп Абибилла ажы Кадырбердиев  шайланды. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Ошондой эле Ниязали ажы Арипов менен Фархат ажы Юсупов төраганын орун басары болуп шайланышты.

Эске салсак, буга чейин Аалымдар Кеңешине Абдишүкүр ажы Нарматов төрөгалык кылып келген.