Биз менен байланышыңыз

АКШ: укук коргоочулар Трампка каршы биригишти

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 848 | 0

Америкадагы алдынкы укук коргоо уюмдары президент Дональд Тамптын администрациясы жарыялаган Өзгөчө кырдаалга каршы биригишип, анын алынып салынышы үчүн сотко кайрылышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Трампты сотко бергендердин арасында өлкөдөгү эң таасирдүү «Америкалык жарандык эркиндиктер союзу (ACLU) да бар. Уюмдун билдирүүсүндө:

«Трамптын жасалма Өзгөчө кырдаалы жана анын иммигранттардын үй-бүлөлөрүнө карата кысымы биздин демократия үчүн чоң коркунуч жаратат»,-делет.

Укук коргоочулардын сотко берген арызында бюджетти кайрадан өзгөртүп бөлүштүрүү мыйзамга жана конституциялык принциптерге каршы келери белгиленген.

Эске салсак, президент Трамп Мексика менен чек арага дубал куруу үчүн каражатты парламент бөлбөгөн соң, өлкөдө Өзгөчө кырдаал жарыялап, анын негизинде өзү талап кылган сумманы коопсуздук тармагына бөлүнгөн бюджеттен кесип алууну көздөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM