Мындан эки-үч күн мурун интернетке жасалма жумурткалар боюнча видео жарыяланып, кызуу талкууланды. Андагы жаран жумуртканы сатып алганын, ичиндеги сарысы кадимки эле резина экенин айтып, өкмөттү тамак аш коопсуздугуна чакырышты. Бирок тиешелүү мекеме жасалма жумурткалар тууралуу маалыматты жокко чыгарды.
Ушул эле теманы улай Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жайынын эмгек сиңирген ишмери Алымкан Мансурова менен маектештик.
-Жасалма тамак-аш боюнча чыккан бул алгачкы видео же маалымат эмес. Буга чейин да интернет тармактарынажарыяланып келген. Мындай окуялардын кайталанышы биздин өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугунун көрсөткүчү десек болобу?
-Албетте, бааласа болот. Анан дагы бул боюнча чечкиндүү иштерди аткаруу керек. Бизде тамак-ашты фальсификация жолу менен чыгаргандар бар. Алар жоопко тартылышы керек. Мисалы, Германия 1600-жылы эле буга чара иштеп чыгып, жасалма тамак-аштарды чыгарганды өлүм жазасына тарткан. Кытайда да ошондой. Бизде болсо фальсификация тескерисинче өнүгүп жатат. Бул тармакты тескеген адамдардын билими төмөн болууда.
-Көбүнчө кайсы азыктарда жасалмалуулук байкалат?
-Мисалы, нанда бар. Кандайча? Нандын нымдуулугу 15 пайыздан көп болсо, бул жасалма катары эсептелет. Нымдуулугун көбөйткөн ишкер унду үнөмдөп, пайданы көп көрүүнүн амалын кылат. Мунун баарын текшерип, мыйзамды бузган болсо, катуу жаза бериш керек. 300, 500 сомдук айып дегени эмне? Аны текшерүү келгенде эле колуна карматып койсо, карабай кетип калышат. Сүт азыктарында, сырларда да нымдуулук жогору болуп жатат. Булар биз күндө колдонгон азыктар.
-Тамак-аш коопсуздугун кынтыксыз сактоо үчүн иш кандай жүрүшү керек? Аны кайсы орган тескеши керек?
-Учурунда бизде тамак-аш өнөр жайы болгон, аны жокко чыгарышкан. Учурда Айыл чарба министрлигинин тамак-аш жагында 5-6 эле адам иштейт. Алардын иш алып барганга алы да, күчү да жок. Тагыраагы, бүгүнкү күндө өкмөттүн тамак-аш боюнча эч кандай көз карашы жок. Мамлекеттин биринчи милдети — элдин туура тамактануусуна шарт түзүп берүү. Андай шарт жок. Базарларга барсаң, абанын кирдегенине карабай нандар ачык сатылып жатат. Азыр тамак-аш тармагын тейлөөчү мамлекеттик орган жок. Анткени мындай абал өкмөткө өз кызыкчылыгына пайда табууга ыңгайлуу. Мыйзам менен иштебеген, бул жаатта сабатсыз ишкердин арты менен акча табат. Аны колдонгон жарандар сабаттуу болсо, кир, санитардык талапка жооп бербеген азыктардан баш тартып, каршылык көрсөтүшү керек.
-Мындай көрүнүш уланса, алдыда кандай тобокелдиктер күтөт?
-Мунун айынан адамдарда ар кандай сыркоолор пайда боло баштады. Мындан 40 жыл мурун кичинекей ымыркай рак оорусу менен ооруганын, жүрөк оорусуна кабылганын укчу эмеспиз. Начар тамак-аш жеген эне, бала ошондой сыркоолорго кабылат. Бардык оорулар ооздон келет. Начар тамактын айынан оорулуулар көп, оорукчан балдар төрөлүп жатат. Кыргыз өзү залкар адам эле, бирок акыркы күндөрү кичинекей балдар төрөлүп жатат.
-Маегиңизге рахмат.