Марал Радиосу

2018-жылы жумуштан мыйзамсыз бошотуу бюджетке 2,4 млн сом зыян келтирген

2018-жылы мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан мыйзамсыз бошотуу өлкөнүн бюджетине 2,4 млн сом зыян келтирген. Бул туурасында Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган кызматкерлердин саны 84 адамга жетип, жалпы мамлекеттик бюджетке 2,4 млн сом зыян келтирилген.

2019-жылдын башында мыйзамсыз  17 адам мыйзамсыз жумуштан бошотулган. Мына ушул мыйзамсыз иштен бошотулгандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттен акча төлөнгөн.