Франциянын деңиз жээгиндеги Майотта аймагынын жашоочулары асмандан түшкөн оттуу шар менен жарылуунун үнүн угушкан. Жергиликтүү басылмалар анын метероит болгонун жазышууда.
«18-февраль күнү кечки 21:30 чамасында жээктеги аймактарда жарылуу угулган. Айрымдар оттуу шар түшкөнүн да кабарлашууда. Бирок жергиликтүү бийлик өзгөчө окуя катталбаганын жана эч ким жабыркабаганын айтууда»,-делет басылмаларда.
Өзгочө кырдаал кызматы окуяны териштирүүнү баштады. Божомолдорго ылайык, метероит жээктен бир топ узак, деңиздин ичине түшкөн.
Эске салсак, Майотта Франциянын Инди океанында жайгашкан арал провинциясы болуп саналат.