Марал Радиосу

Президентин 2007-жылдын 12-декабрындагы Жарлыгы күчүн жоготту

“Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту. Мындай Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Конституциясынын 65, 88-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Президентин 2007-жылдын 12-декабрындагы № 547 “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.