Марал Радиосу

«Кемалды» өзбекстандык бай айымдар 379 миң долларга чайга чакырды

Түркиянын белгилүү киноактёру жана модель Бурак Өзчивит Ташкентте 2,5 саат бай-манаптардын аялдары, ишкер айымдар жана модель кыздар менен кечки тамак учурунда жолугушканы үчүн 379 миң доллар акы алды. Бул туурасында “Kun.uz” сайты жазып чыкты.

Ал эми “Новости Өзбекистана” басылмасы түрк актёрун Ташкентке сериалга тартылуу жана жаш актёрлорго тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында келгенин жазган.

Кошумчалай кетсек, Бурак Өзчивит “Даңазалуу доор”, “Кара севда” жана башка кинолордо аткарган ролдору менен белгилүү.