Марал Радиосу

Кызамык оорусу менен 53 адам кайрылды

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына кызамык менен 53 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Өткөн жуманын соңунда эки сутка ичинде 35 киши кайрылып, 23ү ооруканага жаткырылган. Ал эми бир сутка ичинде 10 киши кайрылса анын жетөө жаткырылды.

Кызамык менен ооругандардын көбү 1 жашка толо элек балдар. Алар эмдөөдөн өткөрүлгөн эмес.

Маалыматтар боюнча өлкөдө жана коңшу мамлекеттерде кызамык оорусу күчөгөнү байкалууда.

2018-жылы миңден ашык учур катталган, анын 80 пайызы 5 дашка чейинки балдар.