Марал Радиосу

Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү каралат

Бүгүн, 19-февралда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Курулуш тармагындагы мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү өкмөт демилгелеп жатат. Баяндаманы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев жасайт.