Марал Радиосу

Прокуратура бирдиктүү эсепке 6 млнго жакын акча кошту

Башкы прокуратура коррупциядан түшкөн каражаттар чогулчу бирдиктүү эсепке 5 миллион 972 миң 500 сом кошту. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты.

Прокуратура тарабынан чогулган жалпы каражат 357 млн 657 миң 738 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бирдиктүү эсепке чогулган каражаттарга Бишкек шаарына жана Чүй облусуна мектептер куруларын айткан болчу.