Марал Радиосу

Түркиянын парламент төрагасы Биналы Йылдырым отставкага кетти

Түркия парламентинин спикери Биналы Йылдырым отставкага кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Ал Стамбул шаарынын мэри кызматына ат салышууга ниеттенүүдө.

Жергиликтүү шайлоолор ушул жылдын 31-мартында өтөт.

Йылдырым Түркия парламентинин спикери болуп 7 ай иштеди. Ал буга чейин өлкөнүн премьер-министри болгон. 2018-жылы жайында Түркия президенттик башкарууга өтүп, премьер-министрлик кызматы жоюлган.