Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдүн жээгинде полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Демилгечи депутат Экмат Байпакбаевдин айтымында, Ысык-Көлдүн жээгине ташталган полиэтилен баштыктар, желим бөтөлкөлөр 50 жылдан 500жылга чейин жоголбойт. Бул өз кезегинде экологияга терс таасирин берет.
Ушул эле демилгени буга чейин 2013-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева да көтөрүп чыккан. Анын айтымында, Кыргызстандын бул мыйзамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да баса белгиледи. Экс депутаттын айтуусунда бул демилге колдоолорго алынып, соңунда экология боюнча айыл чарба комитети мыйзамды четке каккан. Бирок учурда депутаттар кайра макул болуп, демилгелерди колдоп жатканы аны сүйүндүрөт.
-Мен 2013-жылы парламентте көтөрүп, V чакырылыштын депутаттары колдоп беришкен. Анда үч комитеттен өткөн. V чакырылыштын мөөнөтү бүтүп, бул маселени VI чакырылыштын депутаттары карамак. Тилекке каршы? бул демилгени экология боюнча айыл чарба комитети колдобой койгон. Мен бул депутаттардын түшүнбөгөндүгү, маңызын билбегендигине байланыштуу болуп калды деп ойлойм.
Эгерде жылына 2 млн эс алуучу Ыссы-Көлгө барса, анда бул убакытка чейин канчалаган таштандылар жоголбой, сакталып экологияга коркунуч алып келип жатканы жарандарды да кооптондурат. Бул суроо менен биз борбордун жашоочуларына кайрылдык.
—Эгерде демилге кылып жатса, албетте, колдойбуз.
-Негизи эле мындай мыйзамды акырындык менен Кыргызстандын баардык облустарына киргизиш керек. Себеби Бишкек шаары дагы таштандыларга толуп кетти.
-Мен өзүм Көлдөн болом. Барган сайын тазалап турабыз, бирок кээде жыйынтык болбой калат, эс алуучулардын саны көп.
Анткен менен Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу бул мыйзам долбоорунун маселени чечип коёруна ишенбейт. Себеби тазалыкты сактоону мыйзам менен чектөө жетишсиз деп эсептейт.
— Экология жагынан карасак, жакшы таасирин тийгизет. Тыюу салган жагынан канчалык деңгээлде туура болот, анысын айта албайм. Мисалы, мыйзамды Ысык-Көлдүн өзүнө эле киргизип койсо, Бишкектен бара турган эс алуучулар дүкөндөн азык-түлүк алып, унаага салып алып барат да. Анда кандай болуп калат? Көлгө кирип келе жаткандардын баардыгын токтотуп текшереби? Ал нерсеге административдик ресурс дагы жетпейт. Экинчиден, эс алып жаткандарды дагы көзөмөлдөө керек да. Ага байланыштуу механизмдери да болуусу шарт. Жөн эле мыйзам чыгарып коюп, ал канчалык деңгээлде иштейт, аны эч ким айта албайт.
Бул мыйзам кабыл алынса, көл жээгине таштанды таштаган жарандарга айып пул салынат. Анын суммасы 500 сомдон 5миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактар 17 миң сомдук айыпка жыгылары айтылууда.