Марал Радиосу

Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты

Бишкектеги Интергельпо жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус-470» үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 17-февралда айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, электр карагайын сүзгөн.

Кырсыктан айдоочу каза таап, жабыркаган жаран стилист Асель Мамбеткалиева экендиги аныкталды. Анын кесиптештери ага 3 жолу операция жасалганын кабарлашты. Алардын айтымында, Мамбеткалиеванын ички органдары катуу жабыркаган. Учурда ага жардам керек болуп жатканы маалым болду.