Марал Радиосу

Көк бөрү боюнча дүйнөлүк мелдештер эми тай казансыз өтөт

Көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги эми тай казансыз өтөт. Бул туурасында коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.

Ага ылайык, 14-февралда Астанада Дүйнөлүк кокпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, анда 2019-жылы Өзбекстанда өтө турган Дүйнө биринчилигин тай казансыз өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле Дүйнө чемпиондугу муляж менен жана 2 бөлүк, 20 мүнөттөн өтөт. Мындай чечимди жыйынга катышкан 9 өлкөнүн 8и колдоп Орусия калыс добушун берди.

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Китай, Орусия жана Афганистан катышкан жыйында Кыргызстандын өкүлү болгон эмес.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Өзбекстанда өткөн конгресске катышып, Дүйнө биринчилиги тай казан менен өтө турганын билдирген болчу.