Марал Радиосу

Мурат Суталинов кайрадан абакта калтырылды

Бүгүн, 15-февраль Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду бошотуу боюнча соттук отурум болуп өттү. Сот төрагасы Бактыбек Сыдыгалиев, ооруусуна байланыштуу Суталиновду абактан бошотуу өтүнүчү кабыл алынбаганын билдирди. Буга чейин, улуттук жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Назгуль Солтобекова мурунку башкы прокурор Суталинов 2018-жылдын 13-апрелинен бери аталган кызматтын борбордук ооруканасында экендигин кабарлаган.

Ал 4-даражадагы айыкпас дарт менен күрөшүп келет. Андан сырткары, ага хроникалык холецистит, панкреатит, бронхиалдык астма, гастрит сыяктуу диагноздор коюлган.

Эске сала кетсек, Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.