Марал Радиосу

Жергиликтүү бийликтин ролу күчөтүлөт

Жогорку Кеӊеште тамактык комитеттин демилгеси менен жергиликтүү бийликтин ролун күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат.

Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин жетекчилери, жергиликтүү кеӊештердин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Таабалды Тиллаевдин айтымында, мыйзам долбоору аркылуу  Жер кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда.

Кошумчалай кетсек, бул мыйзам долбоорун депутаттар сунуш кылган.