Марал Радиосу

ИИМдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Бүгүн, 14-февралда ИИМдин Өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги Ж.Н. кылмыш ишинин фигурантынан 1700 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Милициянын подполковниги Ж.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.