Марал Радиосу

Германиялык футболчу Кыргызстандын жарандыгын алды

Германиянын “Боруссия” футболдук клубунун тарбиялануучусу Александр Мищенко Кыргызстандын жарандыгын алды. Бул боюнча буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондугун, “Дордой” клубунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Александр 1997-жылы 30-июльда Чүй облусунун Ивановка айылында төрөлгөн. Жаш кезинде ата-энеси менен бирге Германияга көчүп кеткен.

2016-жылы Кыргызстандын жаштар курамасына чакырылып, бир жылдан соң бишкектик “Дордойдун” катарына кошулган.

ФИФАнын эрежеси боюнча эми Александр Мищенко Кыргызстандын улуттук курамасында ойной алат.