Марал Радиосу

Панама Евробиримдиктеги элчисин чакыртып алды

Панама өлкөсү өзүнүн Евробиримдиктеги элчисин артка чакыртып алды. Буга биримдиктин өлкөнү терроризмди каржылоого каршы эң алсыз механизмдери бар Иран, Ирак мамлекеттеринин катарына кошкону себеп болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, биримдиктин бүтүмүнө макул болбогон Панама элчисин кеңешүү жана мындан ары кандай кадамдарды жасоо тууралуу чечүү үчүн элчисин чакыртты. Ал үчүн 30 күндүк мөөнөт белгиленди. Өлкө бийлигинин айтымында, алардын мамлекеттик бюджетинин бөлүштүрүлүүсү мурункуга караганда бир топ ачык-айкындуулукка жетишкен.

«Биздин финансылык платформабыз жана эл аралык кызмат көрсөтүүлөрүбүз эң жогорку стандартта жүргүзүлөт. Муну «Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү (OCDE)», «Эл аралык финансылык иш аракеттер тобу (GAFI)» сыяктуу уюмдар да тан алышат»,-деди вице-премьер-министр Изабель де Сент-Мала.

Эске салсак, Евробиримдик мамлекеттик бюджетинен терроризмдин каржылануусуна каршы эң чабал эрежелери бар 23 мамлекттин тизмесин түзүшкөн.

Exit mobile version