Марал Радиосу

Ошто жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу  Улуттук илимдер академиясынын Сеймология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 13-февралда түнкү саат 01:23тө Ош облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version