Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйдү

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 749 | 1

Кепилденген эмгек акы өзгөрүлбөстөн баалоочу карталардын негизинде иштердин жыйынтыктары боюнча кошумча акы төлөө менен үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акылары жогорулатылды. Бул тууралуу бүгүн, 12 февралда Саламаттык сактоо министрлигинин 2018 –жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында маалымдашты.

2018 – жылдан медициналык-санитардык жардам кызматкерлерине материалдык жардам берүү киргизилген. Анын негизинде үй-бүлөлүк дарыгердин базалык оклады — 7900 сом, аткарылган индикаторлору боюнча орточо төлөм – 6640 сом, жыйынтыгында үй-бүлөлүк дарыгердин орточо айлык акысы 14 540 сомду түздү. Ошондой эле базалык оклад менен максималдуу көлөмдө аткарылган индикаторлору үчүн эмгек акы – 21 180 сомду түзөт.

Буга чейин иштеп жаткан 19 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун ордуна 4 бириккен Үй-бүлөлүк медициналык борбор  түзүлдү.

Мындай бириктирүү менен административдик, финансылык жана техникалык кызматкерлер кыскартылып, натыйжада бул функциялардын кайталануусун жок кылууга,  мамлекеттик сатып алууларды бириктирүүгө мүмкүндүк түзүлдү.

1 пикир

1 пикир

  1. .....

    13.02.2019 19:28

    Саламатсызбы марал радиосу биз тескеринче айлык акыны аз алдык мед айымдар уй булолук сертификат
    алдыу айлыкка 30 процент кошобуз дешкен бирок кошулган жок

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM