Марал Радиосу

Маяна, пенсия жана жөлөк пулдар өз убагында берилип жатат

Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы мугалимдерге, врачтарга жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларына маяна, пенсия жана жөлөк пулдарды өз убагында берип жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык ушул жылдын 8-январынан 11-январына чейин Билим берүү жана илим министрлигине – 1 млрд 387,7 млн сом, Саламаттык сактоо министрлигине– 84,7 млн сом жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине – 1 млрд 210,7 млн сом которулган.

Ошондой эле  пенсияларды төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен Социалдык фондко 2 млрд 853,2 млн сом жана Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 1 млрд 356,5 млн сом жолдонгон.