Европага болгон алгачкы сапарымды залкар жазуучубуз элчи катары эмгектенген Белгьгиянын Брюссель шаарынан баштадым. Баштаганда да ал жазуучубуздун Брюсселде Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги Кыргыз Республикасынын элчилиги тарабынан уюштурулган Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинен. Ал мааракеге катышып, келген коноктордун, элчилердин, эл аралык мекемелерде эмгектенген кишилердин өз ооздорунан Айтматов тууралуу угуп, угуп эле тим болбой аларды Айтматов ааламы менен да тааныштырып жаттык. Ч.Айтматовдун “Жамила” повестинин китеби таратылып, алпыбыз жөнүндө тасма, көргөзмө көрсөтүлүп, кыргыз даамдарынан дасторкон жайылып, манас айтылды. Манасты бала манасчы Үмөт Болот уулу айтып, өнөрү келгендердин батасына, алкышына арзыды. Мындай мааракени кыргыздар манассыз койбос. “Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны” дегендей Айтматов атабыздын аты ааламда жашап турганда элди тааныбай, элибизди таанытпай коюу болбос. Манастан башка кыргыздын төкмөлүгү төгүлүп, айтор алпыбыз Чыңгыздын төбөсү, элибиз кыргыздын өнөрү Брюсселде конокторго көрүнүп турду.
Иш-чараны уюштурган Кыргыз Республикасынын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси Асеин Исаевге жана Брюсселдеги башкы консул Руслан мырзага, Элнура эже баштаган кыргыз мекендештерибизге кыргыз элинин атынан чоң ыраазычылык билдире кетели. Ушундай улуу, маанилүү мааракелерди уюштуруп жүргөн чет жердеги мекендештерибиз жөнүндө жазбай анан нетели. Айтканым, иш-чарадан кийин Европадагы мекендештерибиз менен кезиктик. Алар менен кат-кабар алышып, чер жазышып сүйлөшө келсек Европаны мактап киришти. “Жаман жагы барбы?” десем “албетте, ар бир нерсенин жакшы-жаман жагы болот” деген сөз менен бүтүрүп койду. Мунусу мага аябай жакты. Бизде эл менен кезиксең жамандагандан башка сөз укпайсың, жакшысын сурасаң “бардыр” деген күмөндүү жооп аласың. Сөз өлкө, киши же окуя жөнүндө болобу, айырмасы жок. Жакшыны ашырып, жаманды жашырып үйрөнө албай койдук. Бирок Европа мактаганындай эле бар экен, бир чети мактады десек туура болбостур, болгонун болгондой айтып жатышыптыр. Анткени Бельгиядан чыгып, Швейцария, Германиянын шаарларын кыдырдык. Жалаң жакшы мактоо-алкоо сөздөрдү уга берген мен жаман нерселерди издей баштадым. Аларды да таптым, тилекке каршы кайсы бир жаман нерселерди жасаган Европага четтен келген кээ бир элдер экен. Эми ал элде күнөө жок, “жаман эл болбойт, жаман киши болгон” сыяктуу ал жерге келгендердин тарбиясынын, жашоосундагы кыйынчылыгынын кесепети болуп жаткандыр. Негизи бул макалада атайын статистикаларга, ырасмий маалыматтарга таянбай; мекендештерибиздин айтканы, Жаныбектин байкаганы жана эң негизгиси жергиликтүү элдин жүрүм-туруму, сыртынан көрүнгөн жашоосу аркылуу жазууну туура көрдүм.
Бельгия, Швейцария, Германия мамлекеттерин кыдырганыбыз менен бул макалада Европа деп айткым келип жатат. Анткени үчөө бири-бирине дээрлик окшош. Ансыз деле ал жерлерди Европа деп атайт, а мен жалпы Европага кирген өлкөлөрдүн маданияты, жашоо шарты, көз карашы дээрлик бирдей болгондуктан Европа деп айтайын дедим. Биз да Азия өлкөлөрү же мейли Орто Азия мамлекеттери ошондой окшошпузбу? Европа дегенде мага бир бүтүндүк угулат. Биз таза абабыз, жаратылышыбыз, ата-бабаларыбыздын жасаган эмгектери жана эрдиктери менен сыймыктансак аларда деле булардын бардыгы бар экен. Алар ал нерселеринен сырткары азыркы өздөрү түзгөн мамлекети, жаңы тапкан технология, жаңы эмгектери жана азыркы элинин маданияты, эл акысын ойлогону менен сыймыктанып, аны андан ары өркүндөтүүнүн жолуна түшүптүр. Мисалы, коомдук жайларда ажаткананын 3 түрү: аял, эркек жана майыптар үчүн. Аэропорт сыяктуу чоң жайларында жаш энелер үчүн да атайын бөлмөлөр бар экен. Жаш энелер же майыптар коомдук унааларга түшөрдө автобус кадимкидей аялдаманын жээгине, бордюруна чейин ийилип, өзүнчө эле көпүрө болуп берет экен. Коляска сүйрөгөн эне, майыптар үчүн түзүлгөн бул шарт алардын да акысын бергени болуп саналат. Кечиресиздер, бул деген “алар да адам, алар дайыма биздин оюбузда” дегендик. Коомдук унаалар менен шаар кыдырып, өлкө кыдырып жүрдүк; пипилдетип, бирин-бири жөөлөгөн унааларды, сөккөн айдоочуларды байкаган жокпуз.
Германиядагы немистердин убакыт менен тең жарышканын айтсам өзүнчө жомок. Мурун эле немистердин убакытка так экенин угуп жүрчүбүз. Автобус автобекетке 15 мүнөт токтой турган болсо 15 мүнөт токтойт экен, ашык да, кем да турбайт. Кармалып калган жүргүнчүнү күтө албайт. Жүргүнчүгө шылтоо жок, автобустун ичинде ажатканасы, чай-пайы, вай-файы менен бардык шарттары бар. “Убакыт кылыч сыяктуу сен аны чаппасаң, ал сени чабат” дейт; биз кыргыздар чабылып жүрүп бүттүк, немистер убакыт менен чабышып, жайлап жатышыптыр.
Коноктогон кыргыз туугандарыбыздын үйүндө отурсак, сегизден кийин баары тынч, кошунанын тынчын алууга болбойт экен. Эми албетте, уурудай болуп шыбырашпайсың, болгону катуу кыйкырык деген болбош керек. Биздикин айтайынбы? Бизде той берип жатсаң “бир күн чыдап кой, айда-жылда кошунаң бир жолу той берсе көрө албайсың ж.б.у.с.” түшүнүктөр. Албетте, сенин жакшылыгыңа кубанычтамын, бирок менин тынчтыгымчы? “Бир адамдын эркиндиги экинчи адамдын эркиндиги башталган жерде бүтөт” дегенди билбей жатабыз.
Европадагы мекендештерибиз биздей эле турмуш менен, жумуш менен алпурушуп анан буга кошумча өздүгүн, салтыбызды, наркыбызды сактоо менен да күрөшүп жашашат экен. Канчалык интернетке кыргыз ыры же башка көрсөтүү, уктуруулар чыкпасын, жаңылыктарды кыргызча укпасын кыргыздын өз оозунан укканга не жетсин дейт.
Ачыгын айтканда мамлекеттик майрамдар жумуштан чарчаган элибизди эс алдырып, бүтпөгөн жеке жумуштарын бүтүргөнгө жарап жатса; европалык кыргыздар биздин мамлекеттик майрамдарда кездешип; Кыргыз мекенин эстешип; беш бармак, эт жешип; кыргызча кобурашып кетишет экен. Майрамдын стратегиялык пайдасын ошол жерден бир көрдүм.
Велосипеддин баркы ал жерде экен. Эл шаардын чет жакасынан метро же жеке унаалары менен келип, шаар ичинен велосипед тебет экен. Ар бир транспорттун өзүнүн жолу бар. Шаардан шаарды автобус менен аралап, сапардын жарымы автобустарда өттү. Эми жүргүнчүлөрдүн арасында китеп окугандар кездешип жатты. Бир автобустан 3 киши китеп окуп отурат. Аябай көп китеп окугандын жанына отуруп алганмынбы, айтор, жанымдагы кеч кирсе да заманбап шам-чырагын күйгүзүп алып окуганын уланта берди. Анысы да атайын китеп үчүн, китепке кыпчытып койду. “Мына сага!” дедим. Мен болсо вай-файга туташып алып, улам бир сүрөттү тартып, телефонго чыгарып отурдум. Кудум азыркы кээ бир кишилердей. Бир жакшыны айтасың, мактайсың, бирок аны өзүң аткарбайсың. Европа, Батыш бизди бузуп жатат дейбиз. Алардай китеп окуп “бузулбай койдук” чиркин!
Метродо бара атсаң дээрлик эч ким эч ким менен сүйлөшпөйт. Ар кимдин максаты бардай, максатына шашылгандай. Баары жылмаят. Бирок калп жылмаят дейбиз, ошо калп жылмайганды эле үйрөнүп алалычы. Жылмаюу бул — сүннөт эмеспи. Бизде коомдук транспорттордо кээ бирлери кабакты бекем түйүп, эч кимди көзгө илбей бирин-бири сүйүп, кучакташып, кээде ушакташып да киребиз. “Жолубуз оңолбой калды, чоңубуз оңолбой калды” деп. Тыгылыш учурунда жөөлөшө элек жатып жылмайып киришет. Анан эмне кыласың? Сен да жылмаясың, ал да жымаят, баары жылмаят.
Илгери кайсы бир аалым “Европада мусулманчылык бар, бирок мусулмандар жок” дегенин уккам. Аны көрдүм. Аты европалык, заты мусулман экен.
Европалыктардан эң негизги айырмабыз биз деле “эл эмне дейт” деп ойлонобуз, бирок “баарын уруп да ойнобойм” деп жашайбыз. Алар ойлойт да, жашайт да экен. Биз мыйзам чыгарабыз, бирок аткарбайбыз. Алар экөөнү тең аткарат. Биз ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз, бирок ата-бабаларыбыздай жашап, иштебейбиз. Алар сыймыктанат да; алардай жашап, иштейт да экен. Эми Европа жөнүндө учкай айттым, башка жакка бурбай айттым, атайын экономикалык көрсөткүчүн айткан жокмун, аны айтсам биз кичинекей мамлекетпиз деген шылтоо пайда болмок. Алардын бул кылгандарын биз да азыр, азыркы экономикабыз менен эле эч тоскоолдуксуз кыла алабыз. Келиңиз анда өз “Европабызды” куралы!
Жаныбек Абидетегин, BUGUPRESS агенттигинин негиздөөчүсү