Марал Радиосу

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Азия биринчилигине катышат

Азия биринчилигине катышчу кыргызстандык жеңил атлетчилер белгилүү болду. Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, мелдеш 19-23 февраль аралыгында Ирандын Тегеран шаарында өтөт.

Кыргызстандын атынан Айбек Сыргабековдун жетектөөсүндө 8 спортчу катышат. Алар: Солошенко Михаил, Буланова Анна, Шеров Эркинбек, Сатарова Гульшанай, Садыкжан уулу Шахзат, Максатбек уулу Баястан, Тяпова Ангелина, Сарасов Кирилл.

Аталган биринчилике катышууга, олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциядан 434 миң сом бөлгөн.