Марал Радиосу

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

11-февралда  кыргыз-казак чек арасынын Көксай айылындагы аймагында мыйзамсыз чек араны кесип өтүп жаткан Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда аталган жарандын жанында өздүгүн тастыктоочу докуменет табылган эмес.

Керектүү документтер толтурулгандан кийин мыйзам бузуучу Улуттук коопсуздук камитетинин Талас облустук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.