Марал Радиосу

Караколдо окуучу катуу сабалып каза болду

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында мектеп окуучусу катуу сабалып каза болду. Бул тууралуу аталган облустук ишки иштер башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 8:23 шаардагы унаабазардын жанында жаш жигиттин сөөгү табылганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери киши кыйналып өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле анын жанында кандын тактары бар таяк табылган.

Маркум 18 жашта болгон. Ал Караколдогу №5 орто мектепте 11-класста окуучу.

Ата-энесинин маалыматы боюнча, баласы 12-февралга караган түнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.